• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңыдан дайындалган министр Замирбек Аскаров Кыргызстандагы кооптуу аймактарды кыдырат

Коом 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Жаңыдан дайындалган өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров кооптуу аймактарды кыдырат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр Кыргызстандагы кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктарды алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курам жана материалдык-техникалык базанын абалы менен жеринен таанышат.

"Тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн кийинки аптада Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына барат. Андан соң министр Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарын иш сапары менен кыдырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий