• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Элим барсыңбы?!” фонду чек ара чырынан жабыркагандарга 18,7 млн сом чогултту

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам жабыркаган Баткен, Лейлек райондорунун тургундарына “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду ыкчам түрдө окуя башталган күндөн тартып жардам топтой баштаган. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Фонд жардам колун сунган Россия, Украина, Малайзия, Европа өлкөлөрүндө, АКШда эмгектенип жүргөн мекендештерге жана жергиликтүү тургундарга терең ыраазычылык билдирет.

Маалым болгондой, АКШдан атайын келген 3 диаспора өкүлдөрү Бакай Оморов, Алтынбек Ахмадов, Абдыкоор Камбаров, фондун ыктыярчысы Нурсултан Майназаров, Азамат Кылычев, фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков, Абдуллаев Өткүрбек жана “Элим, барсыңбы?! Ош”, “Элим, барсыңбы?! Жала-Абад”, “Элим, барсыңбы?! Кызыл-Кыя” фонддорунун өкүлдөрү менен биргеликте окуядан курман болгон жарандардын жакындарына жана жабыр тарткан мекендештерге аманаттарды жеткирип жатышат.

Чогулган 18 млн 725 миң сом комиссиянын чечими менен төмөндөгү категорияларга бөлүнүп таратылууда:

- каза болгон жарандардын жакындарына, анын ичинен 19 турмуш-шарты оор жана балдары көптөргө 165 000 сомдон, калган 17 жарандын жакындарына 125 000 сомдон;

- жаракат алган 170 жаранга, анын ичинен өтө оор абалда 37 жаранга 100 000 сомдон, орто абалда 51 жаранга 66 000 сомдон, жеңил абалда 82 жаранга 17 000 сомдон;

- турак-үйлөрү күйгөн 138 жаранга 35 000 сомдон, 3 жаранга 25 000 сомдон берилди.

Пикир

Оставить комментарий