• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 722ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 34,5 миңден ашып, каза болгондор 722ге жетти. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитети билдиргенин РИА Новости жазат.

Агенттик жазгандай, 2 миң 50 киши айыгып, үйүнө чыгарылган.

Бир күн мурда 31,1 миңден ашык киши ооруга чалдыгып, 636 киши каза болгону айтылган.

"7-февралдын түнүнө карата саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке провинциялардан ооруну жуктуруп алган 34 миң 546 учур тууралуу маалымат келди. Учурда 31 миң 744 адам дарылануудан өтүп жатат. Алардын ичинен 6 миң 101 кишинин абалы оор, 2 миң 50 киши үйүнө чыгарылды. 722 адам каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий