• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Махачкала: май куючу жайдагы жарылуудан 30 киши мерт болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Махачкаладагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан 30 адам, анын ичинде үч бала набыт болду. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ар кандай оордуктагы жараат алган кишилердин саны 75ке жетти.

Дагестанда жардыруудан каза болгондорго аза күтүү жарыяланды. ТАСС агенттиги жергиликтүү бийлик Кумторкалинск районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизгенин кабарлады.

Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Башында автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган. Өрттү өчүрүүгө төрт саат убакыт кеткен.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Дагестан бийлиги Махачкаладагы май куюучу станциядагы жарылууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рубль бөлүп берүүнү убадалады.

Маалым болгондой, автосервис жана май куюучу жай "Глобус" соода борборунун аймагында жайгашкан. Маалыматтарга караганда, май куюучу жайдан чыккан өрт жакын жайгашкан үйлөргө да жайылган. Алардын тургундары тез арада эвакуацияланган.

Окуянын себептери тууралуу азырынча маалымат жок. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий