• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде коңшу өлкөдөн күрүчтү мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Баткен облусунда мыйзамсыз ташылып бара жаткан күрүч аткезчилигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, контрабандалык ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2023-жылдын 4-августунда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы чек ара тилкесинде 1992-жылы туулган А.А. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы мамлекеттик Z0475A номурлуу Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа кармалды.

Көрсөтүлгөн унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк коңшу өлкөдөн Кыргыз Республикасына алып келинген, салмагы болжол менен 2000 кг болгон 80 кап (лазер сортундагы) күрүч табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 450 миң сомдон жогору бааны түзөт. Товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келинген.

Учурда бул иштин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий