• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акжол, Жоламан, Айпери жана Эрназар. Алматыдагы турнирге катыша турган кыргыз балбандары

Спорт 0

Бишкек, 02.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Казакстандагы Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынан билдиришти.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашат.

Спортчулар эркин күрөш боюнча улук машыктыруучу Таабалды уулу Сүймөнкул жана башкы машыктыруучу Русланбек Маджиновдун жетекчилиги алдында төмөнкү курамда мелдешке катышат:

  • Абдымалик Карачов – 57 кг;
  • Алмаз Сманбеков – 57 кг;
  • Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
  • Бекболот Мырзаназар уулу – 61 кг;
  • Алибек Осмонов – 70 кг;
  • Эрназар Акматалиев – 70 кг;
  • Исламбек Орозбеков – 74 кг;
  • Арсалан Будажапов – 79 кг;
  • Саякбай Усупов – 79 кг;ъ
  • Мирлан Чыныбеков – 92 кг.

Грек-рим күрөш боюнча улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында төмөнкү курамда мелдешке катышат:

  • Куттубек Абдыкерим уулу – 60 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков – 63 кг;
  • Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
  • Калы Сулайманов – 67 кг;
  • Амантур Исмаилов – 67 кг;
  • Ильяс Ренат уулу – 77 кг;
  • Калидин Асыкеев – 82 кг;
  • Акжол Махмудов – 82 кг;
  • Мелис Айтбеков – 87 кг;
  • Атабек Азисбеков – 87 кг;
  • Бексултан Махмудов – 97;
  • Мурат Рамонов – 130 кг.

Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча бир гана Айпери Медет кызы (76 кг) катышат.

Пикир

Оставить комментарий