• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия Кубогу. Кыргызстандык футзалчылар Япония курамасын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 18.04.24./Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасынын Таиланддые Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунда старт алды.

Улуттук кураманын биринчи беттешин бүгүн «Бангкок Арена» стадионунда Японияга каршы өттү.

Эске салсак, ата мекендик курама Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.

Япония курамасы — Азиянын учурдагы чемпиондоруна каршы беттешти эсеп саны -3-2 Кыргызстандын курамасы жеңди. Голдордун авторлору: Самат Джанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов.

КР курамасынын тайпадагы кийинки беттеши 20–апрелде Тажикстанга каршы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий