• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш башталды

Спорт 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Россия, Иран, Таиланд жана Кыргызстандын тандалган 200гө жакын булгаары мээлей чеберлери катышууда. Беттештер 22-апрелге чейин өтөт.

Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, бокс боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Пикир

Оставить комментарий