• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Фернас Казакстанда өткөн мелдеште күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Фернас Казакстанда өткөн “Race Nation Kazakhstan” тоскоолдуктар менен болгон чуркоо боюнча жарышта күмүш медаль тагынды.

Мелдеш 11-августта “Алатау” лыжа-биатлон стадионунда өткөн.

Кыргызстандык Юлия Фернас “10 км Elite” жарышында катышып, ал аралыкты 1 саат 31 мүнөт 6 секундда чуркап өткөн. Жарышта биринчи болуп Казакстандык Анна Мельник келсе, үчүнчү орунду Польшадан келген Жоанна Граница ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий