• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп лигасы: Бишкекте волейбол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Бишкекте «Мектеп лигасы» программасы боюнча мелдештер уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, программанын алкагында 20-25-ноябрь күндөрү волейбол боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке балдар арасында 21 команда, кыздар арасында 20 команда катышты.

Жыйынтыгында уландар арасында байгелүү орундарды:

1-орун - №42 орто мектептин командасы;
2-орун - №96 орто мектептин командасы;
3-орун - № 72 мектеп гимназиясынын командасы;
4-орун - №68 мектеп гимназиясынын командасы.

Кыздар арасында:
1-орун - №84 орто мектептин командасы;
2-орун - №72 мектеп гимназиясынын командасы;
3-орун - № 42 орто мектептин командасы;
4-орун - № 102 орто мектептин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий