• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футбол курама командасы Афганистанды 1:0 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Кыргызстан футбол курама командасы Афганистандын улуттук курама командасын 1:0 эсебинде жеңди.

Беттеш Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Оюндун негизги бөлүгү 0:0 эсебинде аяктады. Кошумча берилген убакыттын акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандык чабуулчу Эрнист Батырканов атаандаштын дарбазасына гол киргизип, өзүнүн командасын алдыга алып чыкты.

Ошентип, оюн Кыргызстандын пайдасына 1:0 эсеби менен аяктады.

Эскерте кетсек, 16-июнда "Акшумкалар" Ирандын курама командасы менен беттешет. Ал эми 13-июнда Бишкекте Иран - Афганистандын беттеши өтөт.

Пикир

Оставить комментарий