• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Кыргызстандын футбол курамасын Афганистан менен беттеште колдоп келди

Президент 0


Бишкек, 11.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 10-июнда баш калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргыз Республикасы менен Афганистандын улуттук курамаларынын футболдук беттешине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан илдиришти.

Беттеш Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) бүгүн башталган биринчи эл аралык турниринин алкагында өтүүдө.

Турнирдин беттештери 10-20-июнь күндөрү Ташкент менен Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан, Афганистан, Иран, Оман, Тажикстан жана Түркмөнстандын Улуттук курама командаларынын ортосунда өтөт.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Афганистандын курама командасын 1:0 эсеби менен утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий