• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Азия Кубогу өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 11.06.23. /Кабар/. Кечээ, 10-июнь күнү "Газпром-балдарга" ден-соолукту чыңдоо борборунда дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында "Эр Жанек" ачык Азия Кубогунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, КР Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, "Тосор Коому" коомдук бирикмесинин төрагасы Айбек Сарыгулов катышты.

Алгач Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев баардык катышуучуларды куттуктап, мелдешти өткөрүүгө салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, иш-чараны ачып берди.

Ошондой эле, аталган мелдешти "Гран-При" макамына көтөрүп, мелдештин мындан ары да өнүгүшү үчүн талыкпастан эмгек кылаарын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жалпы спорт күйөрмандары жана атайын келген коноктор менен саламдашып, дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн келип катышып жаткан Азия кубогу, кыргыз спортчулары үчүн да маанилүү экендигине токтолду:

"Рейтингдик мелдештерди ийгиликтүү өткөрүп, 2024-жылы Францияда өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алууңуздарга тилектешпиз. Ошондой эле бүгүнкү мелдештерде гана эмес, жашоодо да дени сак жана чыдамкай болууңуздарды каалайм", - деп билдирди Эдил Байсалов.

Айбек Абдымомунов аталган мелдештин тарыхына токтолуп, мындай иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн федерациялар менен биргеликте мындан ары да тыгыз иш алып барышаарын билдирди:

"Жанек-Баатыр" Кубогуна жаштар арасында дзюдо боюнча биринчи турнири 2010-жылдын июнь айында Тосор айылында өткөрүлгөн. Анда катышуучулардын саны Кыргызстан менен Казакстандан келген 350 спортчу түзгөн. Ал эми азыр болсо биз дзюдо боюнча бүтүндөй Азия кубогун өткөрүп жатабыз, ага жакынкы чет өлкөлөрдөн гана эмес, АКШ, Багам, Литва жана Непалдан келген спортчулар катышууда.

Жыл өткөн сайын өлкөбүздө ири эл аралык турнирлер өткөрүлүп жатканы бизди абдан кубандырат", - деп билдирди Департаменттин директору.

Пикир

Оставить комментарий