• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте майыптыгы бар окуучулар арасында футбол жана баскетбол жумалыгы өттү

Спорт 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Бишкекте майыптыгы бар окуучулар арасында футбол жана баскетбол жумалыгы өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 17-18 октябрда борбор калаада “Футбол жана баскетбол жумалыгы” өттү. Аталган иш-чара майыптыгы бар мектеп окуучулары арасында, аутизм жана даун синдрому бар жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго социалдаштыруу жана дени сак жашоо мүнөзүнө үндөө максатында өткөрүлдү.

Мелдеш футбол жана баскетбол боюнча өтүп, жеңүүчү командалар диплом, медалдар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий