• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футбол боюнча "Мурас" достук турниринин биринчи күнү аяктады

Спорт 0

Бишкек, 14.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан футбол боюнча "Мурас" достук турниринин биринчи күнү аяктады.

Бүгүн, 14-декабрда, 16 команданын ортосунда чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн тайпалык оюндар өттү.

Анын жыйынтыгында турнирдин кийинки баскычына 8 команда өттү.

Эртең, 15-декабрда, "Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде төмөндөгү командалардын плей-офф баскычындагы беттештери өтөт:

– "Президенттин командасы" – "Элчилер";

– "Спорт Жылдыздары" – "Спорттук федерациялар";

– "Коопсуздук" – "Ден-Соолук";

– "Ыйман" – "Достук".

Иш-чара саат 10:00дө башталат.

Оюндар УТРКнын Спорт телеканалы жана социалдык тармактар аркылуу түз эфирде чагылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий