• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Измир шаарында жол кырсыгынан 41 жаштагы кыргызстандык каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда Түркиянын Измир шаарында жол кырсыгынан 41 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунан билдиришти.

Тиешелүү органдардын маалыматына караганда, кырсык саат 05:00 чамасында Конак районундагы Шехитлер көчөсүнүн Халкапынар кесилишине жакын жерде болгон. Айдоочусу белгисиз болгон 35 ABT 317 мамлекеттик номурлуу унаа рулду башкара албай, алгач тротуарды сүзүп, андан соң Мелез суусуна түшүп кеткен.

"Оодарылып кеткен унаанын ичинде Кыргызстандын жараны С.Ж. каза болуп, калган 3 адам жабыркаган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда башкы консулдуктун кызматкерлери ишти өз көзөмөлүнө алып, керектүү мекеме жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий