• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокенде 700 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан 700 орундуу №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин сырткы бөлүгү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, керектелүүчү каражат райондун өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Белгиленгендей, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев жумуштун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий