• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы Доха кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. 23 жашка чейинки футболчулардан куралган Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 2023-жылкы Доха кубогуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Эл аралык турнир 20-28-март аралыгында Доха шаарында (Катар) өтөт. Чүчүкулактын жыйынтыгы менен мелдешке 10 өлкөнүн курамалары катышат: Вьетнам, Ирак, Кувейт, Кыргызстан, Катар, Корея, Оман, БАЭ, Сауд Арабия, Таиланд.

Пикир

Оставить комментарий