• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу 18-19-март күндөрү эртең мененки саат 08:00дөн 18:00гө чейин шаардын төмөнкү көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт:

  • Мукуми, Жуматаев, Хамза, Икрамов, Курортный ключ, Б. Сейил, Пушкин, Калинина, Глинка, Толстой, Горкий, Мичурин, Разина, Садовая, Абдушаитов, Фрунзе, Бакиев, О. Кошевой, Мельничный, Пролетарская, Некрасов, Комунальная, Курорт, Подхоз, Алыкулов, Ч. Айтматов, Нагорная, Типографический, Исакулов, Дехканский, Эркиндик, Горный, Родниковый, Банный, Спортивный, Миндалная, Лесная, Парковая, Швейная көчөлөрүндө;
  • О.Кошевой № 97, Разина №15, Пушкин № 3, 12, 27,29, 31, 61, 86, Курорт № 20, 37, 38, Токтогул № 2, 8, 10, 12, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34, Б. Сейил № 2, 77, 79а, 79б, 117, Вокзалный № 2, 19 көп кабаттуу үйлөрдө;
  • Курорт санаториясында, Токтогул эс алуу жайында;
  • Жеңиш, Рассвет дачасында.

Ишканадан белгилешкендей, оңдоо иштери 35/6 кВ "Ключевая", "Промышленная" көмөк чордондору жана 35кВ "Ключевая" аба чубалгысында жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий