• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Чернобыль апаатынан курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында «Чернобыль курмандыктары» эстелигинин алдында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен курман болгондорго жана жабыр тарткандарга арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу инспектордук бөлүмүнүн башчысы Исакбек Качыбеков, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Болот Баетов, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун жакындары катышты.

Сонунбек Жунусбаев Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан апаатта каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, катышуучулар менен алардын үй-бүлөлөрү мэрия тарабынан дайыма колдоого алынарын жасалган эрдиктер эч качан унутулбай тургандыгын белгиледи.

Кырсык катталары менен Ош шаардык аскер комиссариатынын демилгеси менен кырсыкты жоюу үчүн ыктыярчылардын ыкчам тобу уюштурулган. Бүгүнкү күндө Ош шаарында Чернобылдагы кырсыкты жоюуга катышкан 33 адам жашайт. Көпчүлүгү радиациядан олуттуу жабыркашкан. Апаатта каза болгондор бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилип, куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясындагы ири жарылуу 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Анын кесепетин жоюу үчүн Ош шаарынан жалпысынан 114 адам катышкан. Жарылуудан улам, реактивдүү зат аба аркылуу постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагына жана Европанын бир бөлүгүнө тараган. Уулу заттан жүз миңдеген адамдар жабыркап, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.

Пикир

Оставить комментарий