• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри салык тармагындагы иштин жүрүшүн талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышы боюнча жыйын курду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга экономика тармагын көзөмөлдөгөн биринчи вице-мэр З. Юсупов, салык кызматынын Оштогу жетекчилиги, муниципалдык менчик башкармалыгы, Жапалак айыл аймактык башкармалыгы жана борбордук базардын жетекчилери катышты. Калаа башчысы салык тармагында өсүү болушу керектигин, көмүскө экономиканы ачыктоо боюнча тапшырмаларды берди.

"Салыктын таза, ачык жыйналышы шаардын бюджетин көтөрөт. Жергиликтүү бюджет көтөрүлсө шаарда жакшы иштер жасалат. Азыр элде талап көп. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражат керек. Ошондуктан салык тармагы жетиштүү түрдө иш алып барыш керек. Таза иштегиле", - деди мэр.

Жыйындын жүрүшүндө патент, транспорт салыгы, мүлк салыктары боюнча маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий