• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн район акимдеринин кезектеги жолугушуусу өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын кезектеги жолугушуусу болду.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу күн мурун, 16-майда чек арадагы Ак-Сай (Кыргызстан) жана Ворух (Тажикстан) айылдары чектешкен аймакта өткөн.

Жолугушууга ошондой эле эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын жана тийешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Тараптар жолугушууда чек ара, укуктук тартип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, сугат суу, ичүүчү суу, калыбына келтирүү жумуштарына эки тараптуу тоскоолдуктарды жаратпоо, аймактарда болуп жаткан жумуштарды кабарлоо, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Райондук администрациядан кошумчалашкандай, кыргыз-тажик делегациялары буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашып, учурда чек ара аймактарында жүрүп жаткан курулуш иштери туурасында сүйлөшүштү.

Андан сырткары, эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.


Белгилей кетсек, район акимдеринин ушундай эле жолугушуусу 14-майда Кара-Бак айыл өкмөтү менен Чорбог айылы чектешкен аймакта өткөн. Анда тараптардын жолугушуусу бир нече саатка созулуп, бир топ маселелер жеринде талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий