• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда профилактика иштерин күчөтүү боюнча окутуу-кеңешме өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Жалал-Абадда профилактика иштерин күчөтүү боюнча окутуу-кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милиция билдирет.

Иш-чарага облус аймагындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдин социалдык блок боюнча орун басарлары, райондук жана шаардык социалдык өнүгүү, билим берүү мекемелердин өкүлдөрү, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын мүчөлөрү, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана ИИОнун ардагерлери катышышты.

Анда милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров мамлекет өсүп, өнүгүүсү үчүн өлкөдө биринчи кезекте тартип, тынчтык орнотулуусу керектигин, укук бузуулардын алдын алуу боюнча субъектилердин мүчөлөрү бардыгы биргелешип элге заманбап тейлөө көрсөтүүнү колго алуу, милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгы тууралуу мисалдар менен баяндама жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» мыйзамы жөнүндө, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова «Зомбулукка кабылган балдар үчүн укук тартибин жана сот адилеттүүлүгүн сактоо чөйрөсүндөгү базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык операциондук процедуралар жана ата-энелер менен биргеликте кылмыштуулукту болтурбоонун алдын алуу жөнүндө», ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Гүлмира Жапакова «Жаштарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартуунун алдын алуу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сектор башчысы Индира Токонова «Балдар арасында суициддин алдын алуу» тууралуу видеослайд менен баяндама жасашты.

Ал эми Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов укук бузуулардын алдын алууда ар дайым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып бара тургандыгын баса белгиледи. Келечекте жоопкерчиликти сезе билген, улуттун, каада-салттын, үрп-адаттын жана маданияттын кызыкчылыгын ойлогон, мекенин, жерин сүйгөн, сергек жана зирек муунду тарбиялоо- жалпыбыздын ыйык милдетибиз экендигин эскертти.

Кеңешмени президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев жалпы кыргыз элине тынчтык аманчылык тилеп, ынтымакташып иш алып барышыбыз керек деп сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий