• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Жалал-Абад сууканал” башкармалыгы шаардыктарды сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырат

Аймак 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. “Жалал-Абад сууканал” башкармалыгы шаардыктарды сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын кызматкерлери шаар тургундарына ичүүчү суунун үзгүлтүксүз берилип туруусун камсыздоо үчүн, сууну коромжу пайдалангандарга рейд өткөрдү.

Анда күндүзгү убакытта да бак-дарак сугарып, короо-жайларына сууну агызып койгондорго сууну үнөмдөө боюнча түшүндүрмө кагаздары таратылып, эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, жай мезгилинде жашоочулар короо-жайларын, бак-дарак, гүлдөр менен жашылча жемиштерин саат 22:00дөн кийин гана сугарууга тийиш.

Мындай рейддер, түшүндүрүү иштери алдыда тынымсыз өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий