• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Китепкөй Кыргызстан" акциясы Баткенде старт алды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери "Китепкөй Кыргызстан" китеп окуу жумалыгына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Аппараттын кызматкерлери 30 мүнөт китеп окуп, окулгандар боюнча ойлору менен бөлүшүштү. Облустук өкүлчүлүктүн кызматкерлери бири-бири менен китеп алмашып, "бир кызматкер, бир жумада, бир китеп” принциби менен китеп окууну чечишти. Ошондой эле өкүлчүлүккө китеп бурчун уюштурууну макулдашышты", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Алар китеп окуу эстафетасын район, шаарларга жана облустук Медиа борборго өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий