• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жаңы жылдык балаты 13-декабрь күнү жандырылат

Коом 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балаты жума, 13-декабрь күнү саат 19:00дө жандырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Аны менен бирге концерттик иш-чара уюштурулат.

Балатыны орнотуу жана кооздоо иштерин "Бишкек жарыктандыруу" жана "Тазалык" ишканалары аткарууда.

Балатынын бийиктиги 27 метр болсо, диаметри 12 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий