• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чоң-Алайдагы чек арада абал туруктуу. Тараптар талаштуу тилкени күзөтпөөгө макулдашты – КР УКМК

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. 2021-жылы 19-май саат 12:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы 18-майда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде КРнын Ош багыты боюнча чек ара өкүлдөрү менен Тажикстандын Ляхшск багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозоттору мамлекеттик чек аранын Унжу-булак жергесиндеги чек ара линиясында эл аралык юридикалык каттоодон өтмөйүнчө кайтаруу жүргүзбөйт деген чечим кабыл алынды. Биргелешкен күзөт тараптардын макулдашуусу боюнча гана ишке ашырылат.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан чек ара бөлүмү штаттык режимде кызмат өтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий