• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендин жетекчиси Кызыл-Кыядагы негизги санитардык-карантиндик посттун ишин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустук кире беришиндеги Кызыл-Кыя шаарындагы негизги санитардык-карантиндик посттун ишин текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле өкүл Өзбекстан Республикасы менен чектеш жайгашкан "Кызыл-Кыя автожол" бекетинин иши менен таанышкан.

Абдрахманов аталган жайда белгиленген тартипте, акыркы кабыл алынган чектөөлөрдү эске алып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну колго алуу керектигин айткан.

"Облуска кирген жана чыккан кыймыл аракеттерди дыкат көзөмөлгө алуу, маселе жаралса, анда тийиштүү иш-аракеттерди ыкчам жүргүзүү менен элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берилди", деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 10-июлдан тарта облустар аралык, 14-июлдан тарта район, шаар аралык коомдук транспорттор жана жеке такси кызматтары убактылуу токтогон.

Пикир

Оставить комментарий