• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеке ишкерлер Ош облустук ооруканага эки дезинфекциялык туннель жана медкаражаттарды тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Ошто 18-апрель күнү жеке ишкерлер облустук ооруканага 2 дезинфекциялык туннель, 40 коргонуучу кийим жана 3,5 миң бир нече ирет колдонуучу беткап тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, дезинфекциялык туннелдер облустук оорукананын кире беришине коюу пландалууда. Ал эми коргоочу кийим менен беткаптар райондук ооруканаларга жөнөтүлөт.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов жеке ишкерлерге көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий