• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон жарандардын саны 1 миң 290 кишини түзөт

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон жарандардын саны 1 миң 290 кишини түзөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Дүйшөналы Курбаналиев билдирди.

Ал Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 568 болгонун айтып, анын ичинде 105 учур Жалал-Абад облусунда катталганын билдирди.

"Сузак районунда – 82, Аксы районунда – 2, Ала-Букада – 13, Кара-Көл шаарында – 1 жана Жалал-Абад шаарында 7 учур катталды. Ал жарандар менен байланышта болгондорду эки категорияга бөлгөнбүз. Биринчи категорияда жакын адамдар болуп, алардын саны 290ду түзүүдө. Экинчи категорияда 1 миң адам бар. Ошентип байланышта болгондор жалпы 1 миң 290 адамды түзөт. Алар медициналык көзөмөлгө алынган", - деди ал.

Аны менен бирге ал коронавирус жуктурган 568 учурдун ичинен 140ы медицина кызматкерлери экенин белгилеп өттү.

"Жалал-Абад облусунда 15 медицина кызматкери бул ооруга чалдыккан. Анын ичинен Сузакта – 2, Аксыда – 1, Ала-Букада – 9 жана Жалал-Абад шаарында 3 медицина кызматкери ооруну жуктурган", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий