• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аида Исмаилова БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларды жана аталган багыттагы мындан аркы кызматташуу боюнча биргелешкен пландарды талкуулады.

Вице-премьер-министр Аила Исмаилова белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинде саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо тутумуна өзгөчө басым жасалууда. Мындан тышкары, коронавирус инфекциясынын очогун жоюу иштери аткарылып, оорулуулардын санын кыскартуу жана ооруга чалдыккан жарандарды дарылоо боюнча чаралар кабыл алынууда.

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти менен жакында болуп өткөн жолугушууда өлкөдө түзүлгөн кырдаал тууралуу жемиштүү пикир алмашуу жүрүп, инфекциянын мындан аркы жайылуусуна каршы биргелешкен кадамдар талкууланды.

Ошондой эле ал Мамлекет башчынын БУУ Башкы катчысына кайрылуусун канааттануу менен белгиледи, анда Антониу Гутерриштин демилгесин жана анын бирикмеге мүчө-мамлекеттерди күч-аракеттерди бириктирүүгө жана пандемияга каршы күрөштү каржылоо үчүн 2 млрд АКШ доллары суммасындагы гуманитардык жооп кайтаруу глобалдык планын ишке киргизүүгө чакырыгын колдоо камтылган.

Мындан тышкары Озонниа Ожиело БУУ тутумуна кирген ар түрдүү түзүмдөрдүн жана тармактык мамлекеттик органдардын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен иши тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий