• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Транспорт министрлиги өзгөчө абал учурунда жолдорду оңдоо иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Аба ырайынын турукташкандыгына байланыштуу Транспорт жана жол министрлиги тейлеген жолдордо оңдоо иштери уланууда, ошондой эле жол четтери таштандыдан тазаланууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ведомствонун бөлүмдөрү жана структуралык мекемелери республиканын өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарында мүмкүн болушунча аралыктан иштөөгө өтүштү. Ал эми аралыктан иштөөгө мүмкүн болбогон жумушчулар бардык санитардык нормаларды сактоо менен иш алып барууда.

Адистер санитардык нормалар тууралуу инструктаж өткөрүшүүдө.

Бардык кызматтарда кезмет уюштурулуп, министрликтин жергиликтүү бөлүм башчылары, атуулдук коргоо штабы, комендант менен иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий