• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата ат чабыш өтүп, байгеге батир коюлат

Аймак 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Ош облусунда 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаралар 28-31-август күндөрү Ош облусунун "Төлөйкан" ат майданында жана А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда болмокчу.

Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча беттештер, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, “Алыш” бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер өтөт. Байге фонду 9 млн сомду түзөт.

Мелдешке республиканын баардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан жана Түркмөнстандан келген спортчулар катышат.

Белгилей кетсек, аталган мелдештер КР Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана мамлекеттик жана саясий ишмер Н.Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги программанын негизинде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий