• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Баткен облусу боюнча 53 чакырым жол оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. 2023-жылы Баткен облусу боюнча жалпы 53 чакырым жол оңдолот. Анын 27,4 чакырымына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Баткен районунун Чоң-Талаа – Баткен – Кара-Бак автожолунун 16,2 чакырымына жана Миң-Өрүк айылынын 6,2 чакырым жолуна асфальт төшөлөт, учурда жолду тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушул тапта жолдорго асфальт аралашмасын чыгаруу үчүн асфальт заводу Баткен шаарына көчүрүлүп келип, орнотулууда.

Жолдорду курууга мамлекет тарабынан 190 млн сом каралган. 2023-жылга 65,2 млн сом бөлүнгөн.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, мындан сырткары, Баткен облусунун аймагындагы 48 жолдо планга ылайык курулуш иштери аткарылууда. Каражат республикалык бюджеттен каралган.

Жыл башынан бери республикалык бюджеттен каржыланган жол куруу жана калыбына келтирүү иштерине 93 млн сом жумшалган.

Аймактагы жол курулуштары облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий