• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарындагы суу объектилеринде коопсуздук чаралары текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жайгашкан эс алуучу жайларда жана бессейндерде текшерүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ӨКМден билдиришкендей, натыйжада суу коопсуздук эрежелерин жана башка нормаларды сактабаган эс алуучу жайлардын, бассейндердин кызматкерлерине, ээлерине кемчиликтер боюнча эскертүүлөр берилип, кемчиликтер жоюлбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөрү маалымдалды.

Министрликтен белгилешкендей, текшерүү жана түшүндүрүү иштери жайкы сууга түшүү мезгилинде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, сууга чөгүүнүн алдын алуу, санитардык нормаларды сактоо, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, жашы жете элек балдардын сууга чөгүүсүн болтурбоо максатында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий