• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Суу районунда балдарга сууга түшүү эрежелери эскертилди

Аймак 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Кара-Суу районундагы К.Мамакеев санаторийинде жайкы мезгилде сууга түшүүдө чөгүп кетүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүздү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага райондук милициянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кара-Суу райондук маданият үйүнүн, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана Кыргызстан Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү катышты.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар эле эс алуучуларга Кара-Суу райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Эненин көз жашы" аталышындагы спектакль тартууланды.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аркан тартыш жана сууда туура сүзүү боюнча жаштар арасында конкурстарды уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү тарабынан сууга чөгүү учуру жүз бергенде чоң адамдарга жана өспүрүмдөргө алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын көрсөтүп, этиятсыздыктын алдын алуу чараларын үйрөттү . Конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан белектер ыйгарылды.

Иш-чаранын максаты жайкы мезгилде суу жээктериндеги эс алуучу жайларда, санаторийлерде, лагерлерде сууга түшүүнүн эрежелерин сактоо, сууга чөгүүнүн алдын алуу, сууга чөгүү учуру орун алса алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана эс алуу учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий