• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйү убактылуу жабылды. Себеби

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы Перинаталдык борбордун имаратын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө кошуу максатында жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу 2023-жылдын 6-августуна чейин жабылат.

"Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрү жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү Бишкек шаарындагы кош бойлууларды, төрөт учурундагы, төрөгөн аялдарды бекитилген графикке ылайык кабыл алууну камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий