• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош - Баткен - Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Жол кырсыктарын алдын алып максатында Ош - Баткен - Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда иштер жолдун 83, 124 жана 126-чакырымында (Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарлары) жүрүп, атайын буферлер кооптуу бурулуштарга коюлуп жатат. Кум толтурулган челектин бийиктиги 80 см, диаметри 55 смди түзүп, салмагы 200 кг жетет.

Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түскө ээ болуп, түн ичинде да алыстан көрүнөт.

Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат.

Буга чейин Чүй облусунун жолдоруна да орнотулган соккуга каршы буферлер алдыда жети дубандын жолдоруна коюлмакчы.

Пикир

Оставить комментарий