• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда футбол боюнча алгачкы эл аралык оюн өтөт

Аймак 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Азия футбол конфедерациясы (AFC) Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионун кыргызстандык "Нефтчи" клубунун талаасы катары бекитти. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

2020-жылдын Азия футбол конфедерациясынын кубогунун алгачкы этабынын оюндары "Курманбек" стадионунда өтөт.

Аталган стадиондо 5-февралда "Нефтчи" командасы Азия футбол конфедерациясынын кубогунун алкагында түркмөнстандык "Ахал" командасын кабыл алат. Бул беттеш "Курманбек" стадионунда өтө турган алгачкы эл аралык оюн болуп эсептелинет.

Ошондой эле 12-февралда "Нефтчи" менен "Ахал" командаларынын оюну өтөт.

Пикир

Оставить комментарий