• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагында коомдук алдын алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-июлда Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагында коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ички иштер министрлиги, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld (Сейферуорлд) уюму менен кызматташтыкта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин “Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусу менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL)” боюнча бөлүмүнүн колдоосу астында “Милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калктын ортосундагы социалдык кызматташтыкты күчөтүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Аталган долбоор жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү биргеликте чечүү максатында милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жамааттардын ортосунда сый жана ишенимдик кызматташтыкты орнотууну жана бышыктоону көздөйт.

Ачылыш аземине Ысык-Көл облустук жана Түп райондук ички иштер башкармалыгынын, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин “Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусу менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL)” боюнча бөлүмүнүн директору Чарльз Хардуэй, “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld (Сейферуорлд) уюмунун өкүлдөрү, Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн курамы, КААБдын мүчөлөрү, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Программанын алкагында коомдук алдын алуу борборун кеңсесин ремонттон өткөрүүгө жана аны оргтехника, эмеректер менен камсыз кылууга, жасалгоолого жалпы 1 млн 780 миң 600 сом жумшалган. Оңдоп-түзөө иштерине долбоор тараптан 776 миң 600 сом, облустук өнүгүү фондунан 654 миңсом, мындан сырткары КААБ иш ордуларын компьютердик техникалар, эмеректер менен жабдууга 350 миң сомдук айыл өкмөтү тарабынан салым кошулган.

Долбоор КААБдар үчүн иш шарттарын гана түзүү менен чектелбестен, КААБды уюм катары өнүктүрүү боюнча бир катар окуулар, маалымат, тажрыйба алмашууларды уюштуруп, көйгөйлөрдү анализдөө, пландарды түзүү ж.б. багыттарда жардам берип келүүдө.

Бул программанын алкагында 2014-жылдан бери Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айыл-шаарларында жалпысынан 50 коомдук алдын алуу борборлорун колдоого алган. Программа КРнын Өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын жамааттардагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча аракеттерине көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий