• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бишкектеги Элебесов көчөсүн бойлой асфальт-бетон заводунан "Келечек" конушундагы чоң жолго чейин (объездная дорога) капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул көчөнүн узундугу 1300 погон метр, ал эми жолдун туурасы 6 метр.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, тротуар жана ирригациялык тармагы орнотулат. Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйруу жана жер кыртышын даярдоо иштери башталды.

"12 даана электр тармактарынын жана телефон мамыларынын тирөөчтөрүн демонтаждоо, 7 кудукту алуу, жолдо жана тротуарда тосмо таштарды, арык лотокторду жана түтүктөрдү орнотуу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, оңдоо иштерин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий