• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасынын башчысы менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, бизнес жаатындагы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда тыгыз кызматташуу сындуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанда бизнес багытындагы локомотив мекемеге айланышы керектигин белгиледи. “Буга чейин коомчулукта палатага карата бир топ сын-пикирлер айтылып келген. Жетекчиликке сиздин келишиңиз менен ири реформалар башталып, өнүгүү болот деген ишеничтемин. Палата мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштеп, сырттан келген инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүсү зарыл. Жогорку Кеңеш Соода-өнөр жай палатасы менен тиешелүү мыйзамдарды кабыл алууда кызматташууга даяр”,- деди төраганын орун басары.

Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев палатанын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, жылына бир жолу Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган фракция лидерлери менен бизнес чөйрөсүнүн ачык жолугушуусун уюштурууну демилгеледи. Мындан сырткары Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын стратегиялык планы иштелип чыгып, алдыдагы күндөрү аны ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна келерин белгиледи.

Соода-өнөр жай палатасы – Кыргызстандагы ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм, курамында азыр 1400дөй ишкана-фирма бар.

Пикир

Оставить комментарий