• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтпөй калды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы кезексиз жыйыны өтпөй калды.

Депутаттардын көбү жыйынга келбей, беш гана эл өкүлү каттоодон өттү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, саат 14:00дө боло турган жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралмак: Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жээнбековду жана Т.Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурору Крманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган.

УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий