• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин чек ара аймактарында 15 соцобъекттин курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралаш аймактарында 15 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 10 объект курлуп жатса, бешөөндө оңдоо жумуштары аткарылууда.

Курулуш иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү жана пайдаланууга берүү пландалган. Ошондой эле ар бир объектти керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо жагы белгиленген.

Курулуп жаткан объекттер:

- Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылында 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектептин курулушу;
-Ак-Сай айылында 75 орундуу «Эделвейс- Жакшылык » балдар бакчасы;
-Көк-Таш айылында 120 орундуу Көк-Таш башталгыч мектеби;
-Көк-Таш айылында 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы;
-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов орто мектебине 100 орундуу кошумча окуу корпусу;
-Кара-Бак айыл өкмөтүнун, Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто метебине 150 орундуу кошумча корпусу;
-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеби;
-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 30 орундуу “Бөбөктай” балдар бакчасы;
-Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы ФАП;
-Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылыныдагы 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу.

Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан объекттер:
-Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылындагы ФАПтын капиталдык ремонтто жумуштары;
-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы №20 ГСВ;
-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы Ч.Айтматов орто мектеби;
-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы №22 ГСВ;
-Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылындагы 225 орундуу Максат орто мектептин оңдоп-түзөө иштери.

Өкүлчүлүктөн аталган жумуштар АРИС уюму тарабынан аткарылып жаткандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий