• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы районунда сел жүрдү – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-май күнү болжол менен саат 12:10дө нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, сел айылдагы унаа жолу менен агып (жолдун 1-чакырымында жолдун бир аз жерин жеп кеткен) анын жээгинде жайгашкан 3 дүкөндү, 3 турак үйдүн короосун каптаган.

"Министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы району боюнча Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар тарабынан суу кирген дүкөндөрдү тазалоо менен бирге автоунаа жолунун бир тарабына убактылуу таш тизүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий