• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлектеги селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 млн сомду түздү

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Исфана шаарындагы, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарындагы суу каптаган бир нече объектти кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал селдин кесепетинен зыянга учураган турак жайларды жана инфраструктуралык объекттерди көрүп чыккан.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 млн сомду түзөт.

Мадумаров тиешелүү органдарга жарандарга жардам көрсөтүү, селдин кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды берген.

Жергиликтүү бийликке турак үйдү камсыздандыруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий