• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кар көчкү түшкөн Бишкек-Нарын-Торугарт трассасындагы Кара-Үнкүр бөлүгү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 17 февраль күнү саат 16:00дөр чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусуна жетпей Кара-Үнкүр бөлүгү каттам үчүн ачылды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Жол кар көчкүдөн тазаланды.

“Аба ырайынын шарттарына байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун беш тилкесинде болжол менен 10 миң куб метр кар көчкү түшкөн. Жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жол жабылган.

Ал эми саат 13:00дөр чамасында облустагы Казарман - Актал-Чат унаа жолунун Ак-Союл бөлүгү жана Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусу каттам үчүн ачылган.

Пикир

Оставить комментарий