• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Баткенде коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Аймак 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Баткен облусунда коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Ар бир өлкөнүн тартибин, жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милиция кызматкерлери эл-жеринин сакчысы, ошону менен бирге, кандай кырдаал орун албасын антына бекем туруп өз эл-журтун коргоп эрдигин көргөзүшүп, кызматын так жоопкерчиликтүү өтөп келет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багытагы полкунун өздүк курамы Баткен облусунда ыкчам кырдаал жаралган күндөн тарта коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо Ак-Сай айылында Баткен өзүнчө ротасынын, Бишкек шаарынан барган 1, 2 батальондордун жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери күнү-түнү кайгуул кызматын өтөшүүдө, андан тышкары жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте полктун кызматкерлери кечки саат 21:00дон эртең мененки саат 06:00го чейин кызмат өтөп, тартиптин сакталышын көзөмөлдөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий