• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда атайын типтеги бала бакча оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №5 “Чолпон” атайын типтеги бала бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын август айында башталган. Учурда курулуш иштери аягына чыгып, жеткинчектерге жагымдуу шарт жаралды. Буга чейин утурумдук ондоп-түзөөдөн гана өтүп келген бала бакча жергиликтүү бийликтин колдоосу жана дем берүүчү гранттын негизинде толугу менен жаңыртылды.

Курулушу аяктаган имараттан шаардын вице-мэрлери Элдос Таев жана Гүлбарчын Таштанбекова кабар алып кайтты.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери шаарда 7 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий