• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкордо “Арашан” кой-кочкорлордун көргөзмөсү өтүп, 158 кг кочкор биринчи орунду алды

Аймак 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Нарындын Кочкор районунда асыл тукум койлорду жайылтуу максатында “Арашан” кой-кочкорлор арасында көргөзмө-фестиваль өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөгө райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн кызыкдар болгон фермерлер келип, 400гө чукул кой-кочкорлорун аталган көргөзмөнүн сынактарынан өткөрүшкөн. Анда ар бир малдын бою ченелип, таразага салмагы тартылып, калыстар тобу тарабынан сындан өтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунду чоң кочкорлор арасында Чолпон айыл өкмөтүнүн Ара-Көл айылынын фермери Тимур Каныбек уулунун кочкору ээледи, салмагы 158 кг болду. Ал эми козулар арасында Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын фермери Нурбек Эрмек уулунун козусу 1-орунду берген жок. Тогуз айлык козусунун салмагы 96 кг, бою 86 см болду. Койлор арасында Арген Нурбек уулунун койунун салмагы 125,5 кг, бою 91 см болуп, биринчи орунду ээледи.

Жыйынтыгында жеңип чыккан мал ээлерине дипломдор тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий